Ооганстанда дагы 4 согушкерге жогорку жаза колдонулду

Ооган бийликтери жогорку жазага тарткан төрт кишини өкүмү ишке шаршемби күнү ашырылды. Ооган өкмөтүнүн өкүлү Рафи Фердоустын “Эркин Ооганстан” радиосуна айтышынча, алар жанкечтилик кылмак болушкан жана өлкөнүн коопсуздук кызматтарына  кол салышкан деп айыпталган. Шейшемби күнү да сегиз туткун согушкер соттолгон эле. Европа Бирмимдиги жана эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар өлүм жазасына тартууну сындап, ооган өкмөтүн болочокто мындай чараларды токтотууга чакырды. Айыптуу деп табылган адамдарды өлүм жазасына тартуу 2001-жылы талибдер кулатылганга чейин Ооганстанда кеңири жайылган көрүнүш болгон. 20-ноябрга чейинки өткөн төрт жылда өлкөдө эки гана адам жогорку жазага тартылган болчу. Талибдер эгер жогорку жаза туткун согушкерлерге каршы колдонулса, өкмөттөн өч аларын шаршемби күнү жарыя кылды.