Брюсселде бүгүн башталып жаткан саммитти утурлай бюджет чоң бөлүгүн көтөргөн Германия, Британия өңдүү өлкөлөр орток казынанын чыгымын кыскартууга чакырышты.
Бирок Польша өңдүү жакырыраак мамлекеттер 2014-2020-жылдардын бюджети азыркы деңгээлден кемибешин, атүгүл көбөйтүлүшүн каалашат.
Евробиримдиктин эски мүчөлөрү ичинен Франция маселен айыл чарба субсидиялары, жаңы мүчөлөрдөн Чыгыш Европа өлкөлөрү инфраструктура долбоорлорун каржылоо кыскарышына каршы.
Бюджет боюнча Брюсселдеги сүйлөшүүлөр эртеңкиге чейин улантылат. (UE)