АКШда Алкыш айтуу күнүн белгилешүүдө

Жыл сайын ноябрдын төртүнчү бейшембисинде Thanksgiving же Алкыш айтуу күнү белгиленет. Президент Барак Обама элге жумалык радио жана интернет кайрылуусунда америкалыктарды бүт таарыныч, айырмачылыктарын унутуп, бир улут катары майрамды белгилөөгө чакырды.

Жакында эле президенттикке экинчи ирет шайланган Обама “өлкө эми гана кызуу, ызы-чуусу көп, бирок демократия үчүн өзгөчө маанилүү шайлоону өткөргөнүн” белгиледи. “Шайлоо дайыма бизди тандоо алдында калтырганы менен, дал ушул Алкыш айтуу күнү бизге кайрадан бир улут катары биригип, жалпы америкалык бойдон кала берүүгө мүмкүнчүлүк берет”, - деди президент.

Майрамды алгачкы жолу 1621-жылы ал тушта Америкага ар жактан келип отурукташкандар бир жыл бою түйшүктүү эмгектен кийин жыйнаган мол түшүмү үчүн Кудайга ыраазычылык билдирүү катары өткөрүшкөнү айтылат.