Израил автобус жардырган кишини камаганын кабарлады

Полиция жардыруу болгон жерди текшерүүдө, 21-ноябрь, 2012

Полиция жардыруу болгон жерди текшерүүдө, 21-ноябрь, 2012

Израилде бийликтер Тел-Авивде жүргүнчүлөргө толо автобусту жардырган болушу мүмкүн деп шектелген кишини кармашканын айтышты. Жардыруу шаршембиде, Газа тилкесинде Израил менен Палестинадагы козголоңчул ХАМАС тобунун ортосунда атышуу күчөп турган учурда болгон. Андан кеминде 27 киши жаракат алган эле.
Кабарга караганда шектелген киши – араб тектүү Израилдин жараны. Ал ХАМАС жана “Ислам Жихады" тобу менен да байланышта болгону айтылат. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, ага автобусту жардырууга жардам берген башка адамдар да кармалышты.