Ысык-Көл: мектеп, ооруканаларда көмүрдүн эки айлык запасы бар

Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Руслан Элебесов билдирди. Маалыматка ылайык, жер-жерлерде көмүр сатуу базалары уюштурулган эмес, бирок көмүр сатуучулар айылдарды кыдырып сатып жүрөт. 

Кара-Кеченин, Миң-Куштун көмүрүнүн бир тоннасынын баасы 3-3,5 миң, Шабыркүл, Кара-Жыраныкы 3,5-4 миң, Жыргалаңдыкы 4,5-6 миң сомго чейин сатылууда. "Бюджеттин тартыштыгына байланыштуу республикадан келүүчү акча кармалып, кышка даярдыкка кедергисин тийгизип жатат", - дейт Элебесов.

Өкмөт башчы Ысык-Көлгө келгенде кышка карата даярдыкты начар деп баалаган болчу. (MK)