Саат бирге чейин Бишкекте 12% шайлоочу добуш берди

 Бул көрсөткүч менен Бишкек шайлоо суз өтүп жаткан аймактардын катарын толуктады. Ал эми добуш берүү кызуу жүрүп жаткан аймактардын башында Сүлүктү шаары турат. Бул жерде шайлоочулардын 36,55% добуш беришти. Андан кийинки орунда дээрлик 30% шайлоочулардын добушу менен Жалал-Абад шаары баратат.

Бүгүн 25 шаардык жана 416 айылдык кеңештерге шайлоо жүрүп жатат.(ZKo)