Оштогу бир катар шайлоо участкаларында мыйзам бузуулар байкалды

Бул тууралуу “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын
координатору Руслан Ташанов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында,
Өзгөн районундагы №5051, Ноокат районундагы №5395 шайлоо участкаларында
бюллетендер шайлоочулардын санына салыштырмалуу аз экендиги аныкталса,
Кара-Суу шаарындагы №5247 шайлоо участкасында бюллетендер эсептегиден көп экени байкалган. “Кара-Суу районундагы №5230 шайлоо участкасында шайлоо башталаар алдында комиссиянын мүчөлөрүнүн милдетин аныктоо боюнча чүчүкулак кармалган эмес. Кара-Кулжа районундагы 5010 шайлоо участкасында добуш берүүгө комиссия мүчөлөрүнүн көзөмөлүсүз өткөн учурларды катталды»,- дейт Ташанов.
Жогоруда айтылган мыйзам бузууларды БШКнын Ош облусу боюнча
координатору Расулбек Кадыров да тастыктады. Бул боюнча шайлоо
комиссияларына эскертүүлөр берилгендигин жана мыйзамдуу чара көрүлөөрүн
айтты. (SE)