Талас шаарында шайлоочулардын 40% добуш берген

Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка ылайык, шайлоочулардын 40% добуш берүүгө катышкан. Талас шаарындагы 10 шайлоо бекеттин тогузунда жыйынтык чыгып, №6108 добушканасындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Таза шайлоо” ассоциациясынын Таластагы өкүлү Салия Акулова кабарлады.

Акулованын айтымында, аталган участокто 102 бюллетень жоголуп кеткен. (MbA)