Көк-Жаңгакта коммунисттер алдыга чыкты

БШКнын “ГАС-Шайлоо” системасы берген баштапкы маалымат боюнча Көк-Жаңгак
шаардык кеңешине шайлоодо “Кыргызстан коммунисттик партиясы” - 40,71% добуш алды. Андан сырткары шаардык кеңешке “Өнүгүү партиясы” - 30,6%, “Ата Журт” -  20,3% добуш менен кириши мүмкүн.

Көк-Жаңгакта СДПК партиясы 6,95% алды. Добуш берүүгө тизмедеги шайлоочулардын 41,61% келген. (UE)