Кэтрин Эштон Бишкекте Борбор Азия боюнча жыйынга катышты

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кетрин Эштон бүгүн Кыргызстанга келди. Ал Бишкекте Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты. Анда коопсуздук, адам укуктары, экономика, жана экологияга байланыштуу маселелер талкууланды. Эштон эртең Өзбекстанга учуп кетет. Андан кийин Тажикстан менен Казакстанда болот. (EBM)