Бөйрөктү биринчи трансплантациялаган дарыгер көз жумду

Биринчи жолу бейтапка башка бирөөнүн бөйрөгүн ийгиликтүү салган америкалык дарыгер Жозеф Мюррей Бостондо 93 жашында жүрөгү кармап, бейшемби күнү каза тапты. Мюррей өз командасы менен бөйрөктү биринчи жолу 1954-жылы алмаштырган. Ал операцияда эгиздердин биринин бөйрөгү экинчисине салынган эле. Кийин Мюррей бөтөн органды «жериген» иммунитетти калыпташтыруунун жолдорун иликтөөнү улантып, 1990-жылы Нобелдин медицина жана физиология боюнча сыйлыгына татыган. jch