Качкындар лагериндеги боз үйдү милиция чечип кетти

Насыя акчасын кайтара албай, бир нече айдан бери Бишкектеги Горький гүлбагын байырлап жатышкан адамдар жашаган боз үйдү Биринчи май районунун акими милиция кызматкерлеринин коштоосунда келип чечтирип кеткен. Бул тууралуу “Азаттыкка” качкындар лагеринин тургуну Айгүл Жапарова билдирди. Анын айтымында, боз үйдө баш калкалап жаткан жыйырма чакты киши ачык асман алдында калды. Алардын арасында карыган, кош бойлуу, балалуу аялдар бар дейт Айгүл Жапарова.

Чакан насыя компанияларынан карыз акча алып, аны төлөй албаган адамдар карызын кечүү талабы менен бир нече айдан бери мөөнөтсүз митингге чыгып келатышат. Алар Бишкектеги Горький паркында боз үй тигип, “качкындар бекетин” уюштуруп алышкан эле.

Улуттук банктын төрайымы буга чейин парламентте сүйлөгөн сөзүндө нааразылыкка чыккан элдин карызын кечсе, анда насыяны кайтаргысы келбегендерин саны өсүп кетет деген кооптонуусун билдирген. (ZKo)