Палестина БУУда “мүчө эмес, байкоочу өлкө” макамына ээ болду

Добуш берүүдө Палестинанын пайдасына 138, ал эми каршы добушун 9 өлкө берди. 41 мамлекет калыс пикирин билдирди. Добуш берүүнүн алдында Палестин лидери Махмуд Аббас Улуттар уюмун Палестинанын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берүүгө чакырды.

Израилдин БУУдагы элчиси Рон Прозор жөөт өкмөтү Палестина менен тынчтыкты каалайт, бирок добуш берүү тынчтыкты алыстатат деп билдирди:

- Тынчтыкка Израилдин коопсуздугун жана улуттук кызыкчылыктарын эске албаган Улуттар уюмунун резолюциясы аркылуу эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу гана жетүүгө болот.  Бул резолюция бир жактуу, ал тынчтыкка алып барбайт, тескерисинче аны алыстатат.

АКШ элчиси Сьюзан Райс да Палестин резолюциясы ийгиликсиз болду, мындан тынчтык жолунда тоскоолдуктар арбыйт деп билдирди.

Улуттар уюмундагы макамынын көтөрүлүшү Палестинага БУУдагы талкууларга катышууга жана ошондой эле Эл аралык кылмыш сотуна мүчө болуп, Израилдин куралдуу аракеттерин айыптоосуна жол ачат. (ZKo)