Аба ырайы: шашылыш кабар

Кыргызстанда 30-ноябрдан 2-декабрга чейин жааган кардан улам Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265чу чакырым), Каракол –  Эңилчек (45-90чу чакырым), Мырзаке –  Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150чү чакырым ), Ала-Бука – Каныш-Кыя (65-100чү чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн, тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

1-декабрда Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облусунун көпчүлүк жерлеринде, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоо жолдордо кар көчкү коркунучу көбөйөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн  -7... -12 , күндүз  0... -5 градус, Талас облусунда түнкүсүн  -7… -12, күндүз  0…-5  градус,  Баткен облусунда түнкүсүн  -3…-8,  күндүз  - 1…+4 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн   - 1... -6, күндүзү  0 ...+5 градус,  Ысык-Көл облусунда түнкүсүн   -8... -13, күндүз -4... +1 градус, Нарын облусунда түнкүсүн - 9... -14, күндүз -2...  -7 градус болот.

1-декабарда Бишкекте кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 градус суук, күндүз  0…-2 градус болот. (EBM)