Бишкек - Торугарт жолунда кыймыл жөнгө салынды

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 1-декабрда Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 365-чакырымында Кытайдын жүк ташыган унаасы туурасынан туруп калып, жолдо автотыгын жараткан. Аталган жерге куткаруучулар барып, кечээ кечинде унааны жылдырышты.

Министрликтин маалыматында, учурда өлкөдөгү бардык жолдор ачык, калың түшкөн кар тазаланды.