Карачиде талабалар тополоң салды

Пакистандын порт-шаары Карачиде сунни медресенин окутуучусун белгисиз бирөө атып кетти. Буга кыжырданган талаба-студенттер шаарда жолду бууп, автомобилдерди өрттөштү. Жамия Арабия Улум медресесининин администратору Мавляна Зарвалини: “Мавляна Мухаммед Ысмайыл демейдегидей эле эртелеп үйүнөн чыгып, машинесин минип медресеге баратканда атылган октон шейит кетти,” - деп билдирди.

Карачи Пакистандын эң чоң шаары. Калаада кылмышкерлик кеңири жайылган; этностук, диний жана саясий топтор арасындагы тирешүү да өтө күчтүү. Быйыл эле Карачиде саясий жана жаатташтык араздашуунун кесепетинен жүздөгөн адамдар курман болду.