НАТО Түркиянын Сириядан коргонуу аракетин колдойт

НАТО Түркиянын Сирия менен чектеш аймагына “Патриот” ракета системасын жайгаштыруу өтүнүчүн колдойт деп күтүлүүдө. Бул маселе шейшембиде НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынында талкууланмакчы. Сириядан келчү ыктымал коркунучтан коргоном деген Түркияга “Патриот” ракета системасын АКШ жана Голландия берет деп кабарланууда. Орус президенти Владимир Путин дүйшөмбү күнү түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен Стамбулдагы жолугушуусунан кийин Сирия чегине ракеталардын жайгаштырылышы аскердик аракеттерди күчөтөт деп эскертти. (KKs)