Кыргызстан Орусия менен аскерий жардам боюнча сүйлөшөт

Бул тууралуу өкмөт башчы орусиялык «Коммерсант» гезитине берген маегинде билдирген.  Анда Сатыбалдиев кыргыз армиясынын курал-жарак, аскер техникасы эскиргенин айтып, Орусия менен бул жаатта сүйлөшүүлөр болуп келгенин тастыктады. Өкмөт башчынын билдиришинче, учурда 1 миллиарддан ашык долларга аскер техникасын алуу тууралуу сүйлөшүүлөр баштала элек. Бирок кыргыз премьери 19-декабрда боло туран ЖККУнун саммитинин алкагындагы Алмазбек Атамбаев менен орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда бул маселе талкууланаарын кошумчалаган.

Ноябр айында орусиялык бир катар басылмалар Орусия Кыргыз армиясынын курал-жарагын жаңыртуу үчүн 1.1 миллиард доллар бөлөөрү тууралуу жазып чыккан.(BkA)