Кыргызстан - Кытай ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду

Бишкекте Кытай премьери Вэн Цзябао менен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жолугушуусунда 4 документке кол коюлду. Ага ылайык, экономикалык жана инвестициялык иш-чараларды өнүктүрүү, кен казуу жаатындагы кызматташтык жөнүндөгү меморандумдар жана экономикалык, инвестициялык иш-чараларды өнүктүрүү, Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жеңилдетилген кредит берүү боюнча келишимдерге кол коюлду.

Жолугушууда кыргыз өкмөт башчысы Сары-Жаз дарыясында ГЭС куруу боюнча жумушчу топ түзүүнү жана анын жыйынтыгын эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын кийинки жыйынына алып чыгууну сунуштады.

Ошондой эле жолугушууда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу боюнча да сүйлөшүүлөр болду.