Дүйнөдө террор чабуулдарынын саны азайды

Алгачкы ирет глобалдык терроризмди иликтөөгө алган докладда айтылгандай, дүйнөдө эң эле оор экстремисттик зомбулуктун түрлөрү азайган. Иликтөөнү көз карандысыз коммерциялык эмес уюм – Экономика жана Тынчтык үчүн институту жүргүздү. Анда айтылгандай, ааламда террор чабуулдарынын эң эле көп катталган учуру 2007-жылга туш келет.

2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы ири террор чабуулунан тарта теракттардын саны жыл санап өсүп отурган. Бирок акыркы 5 жылдан бери алардын саны 25% кыскарды. Изилдөөчүлөр 158 мамлекеттеги акыркы 10 жылдагы абалга анализ жүргүзүшкөн. Көрсө 2001-жылдан бери 31 мамлекетте гана террор чабуулдары бир да катталбаптыр. Ирак, Пакистан жана Ооганстан былтыр терроризмден эң катуу жабыр тарткан өлкөлөрдүн тизмесине кирди. Индия болсо алардан кийинки төртүнчү орунда турат.