Сатыбалдиев ШКУ мүчөлөрүн темир жол курууга катышууга чакырды

Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун өкмөт башчыларынын жыйынында кыргыз премьери Жантөрө Сатыбалдиев Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу ШКУга кирген бардык өлкөлөр үчүн маанилүү экенин белгилеп, темир жолду куруу долбоорун каржылоого бардык мамлекеттерди катышууга чакырды.

Жантөрө Сатыбалдиев Кытайдын премьери Вэн Цзябао менен кечээки жолугушуусунда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси ушул жылдын соңуна чейин иштелип чыгаары белгилүү болгон. Келерки жылдан тарта темир жол курулушун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөр башталмакчы.