Аба ырайы

Кыргызстанда 6-декабрда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу көбөйөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге  жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн  -3... +3 , күндүз  10... +15 градус,
Талас облусунда түнкүсүн  -1… -6, күндүз  +9…+14  градус,
Баткен облусунда түнкүсүн  -2…+3,  күндүз  +10…+15 градус,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн   -2... +3, күндүзү  +10 ...+15 градус,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн   -1... -6, күндүз +3... +8 градус,
Нарын облусунда түнкүсүн - 11... -16, күндүз -3...  +2 градус болот.

6-декабрда Бишкекте кар жаабайт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1 градус , күндүз  +13…+15 градус жылуу болот.