Чычканда күйүүчү май унаасы сайга түшүп кетти

Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган автоунаа сайдагы сууга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 40 тонналык май ташуучу машина башкаруудан чыгып кеткен. Унаанын айдоочусу Ош шаарынын тургуну Инамжан Карабаев окуя болгон жерде каза болду. Учурда Токтогул шаардык ИИМ кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүүдө.(KKs)