Каракол тергөө абагында ачкачылык акциясы уланууда

Каракол шаарындагы №23 тергөө абагынын башчысы Таалай Асаналиев бир адам ооруканага жаткырылганы жатканын, бирок ал ачкачылык акциясына катышпаганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул адамдын илдети азыр такталып жатат.

Асаналиев абакта ачкачылык акциясы бүгүн - үчүнчү күн катары менен уланып жатканын билдирди. Учурда 64 адам тамак алуудан баш тартууда. Алар тергөө абагындагы айрым камераларды ачууну, шарттарды жакшыртууну талап кылып жатат. (EBM)