Клинтон менен Лавров Сирия кризисин талкуулады

АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон менен Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Дублинде коопсуздукка арналган конференциянын алкагында Сириядагы кризисти талкуулашты. Сүйлөшүүгө катышкан эл аралык чабарман Лахдар Брахими эки тарап Сирия боюнча өзгөчө макулдашууга жетишпегенин, бирок маселени чечүүнүн жолдорун издей беришерин билдирди.

Вашингтон жана анын өнөктөштөрү Башар аль-Асаддын бийликтен кетишин талап кылып келишет. Орусия болсо Асаддын тагдыры Сириянын сыртында чечилбеши керек деп эсептейт. Сирияда карама-каршылык башталгандан бери кеминде 38 миң адам мерт болгону кабарланууда.

Ал тапта Сириянын тышкы иштер министрлиги Батыш өлкөлөрү сырттан кийлигишүүгө шылтоо издеп, “Дамаск химиялык курал колдонгону жатат” деген ушактарды таратып жатат деп билдирди. (KKs)