Ош аэропортунда ири өлчөмдө зер буюм кармалды

Ички иштер министрлиги Ошто аткезчилик жол менен алынып келген ири өлчөмдө зер буюм кармалганын кабарлады. Ага ылайык, 4-декабарда Ош аэропортундагы жүк ташыган кызматкеринин унаасынан 22 килограммадан ашык алтындан жасалган буюм табылган. Алдын ала маалымат боюнча, товар Ош-Стамбул рейси менен келген.

Бул факт боюнча аталган аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматынын өкүлү да шектелип жатат. Учурда кылмыш иш козголуп, тергөө уланууда. (EBM)