Социал-демократтар акыйкатчылыкка Сариевди тандады

Бүгүн Жогорку Кеңеште Социал-демократтар фракциясы жыйын куруп, акыйкатчы кызматына талапкерди аныктады. Жашыруун добуш менен бул кызматка Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариевдин талапкерлиги өттү. Негизи 11 адамдын талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда акыйкатчыны шайлоо мыйзамдык талаш-тартыш менен коштолуп жатат. Бул кызматка талапкерлердин арызын кабыл алуу 3-декабрда аяктады. Азыркы акыйкатчы Турсунбек Акун болсо талапкерлер мөөнөтүнөн эрте тандалып жатканын айтууда. (EBM)