“Кыргызстан” авиакомпаниясы “жүк-200” үчүн акы алуудан баш тартты

Бул тууралуу авикомпаниянын башчысы Жолдошбек Бектурганов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, буга чейин чет жерде ар кандай шартта каза болгон адамдын сөөгүн, башкача айтканда “жүк-200дү” ташып келүү үчүн 250 евро алынчу, андан кийин 200 доллар болуп арзандаган. Бектурганов эми маркумдун тууган-туушкандарынын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн компания каттаган бардык тараптан жүктү ташуу акысын алуудан баш тарты. Ошондой эле башка жергиликтүү авиакомпанияларга тилектештик билдирип, мындай сунушту колдоо өтүнүчү менен кат жөнөтүлдү.

Учурда Кыргызстандын он миңдеген жарандары сыртта жүрөт. Мигранттар арасында каза болгондорду мекенине жөнөтүү көп учурда материалдык кыйынчылык менен коштолот. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга сыртта жүрүп каза тапкан 300дөй жарандын сөөгү келген. Алардын көпчүлүгү Орусия менен Казакстандан келген. (EBM)