Илимдер академиясында Айтматовдун эстелиги ачылды

Бүгүн Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунда залкар жазуучунун эстелиги ачылды. Ага окумуштуулар, депутаттар, коомдук-саясий ишмерлер жана жазуучунун бир туугандары катышты. Маданият жана туризм министрлигинин өкүлдөрү эмдиги жылы жазуучунун 85 жылдык мааракесин белгилөө боюнча пландары менен бөлүштү.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда туулган. Жазуучу 2008-жылы дүйнө салган.(EBM)