Бишкекте таэквон-до боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Бүгүн Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда  таэквон-до боюнча “Үмүт кубогу” деп аталган эл аралык мелдеш өтүп жатат. Таеквон-до федерациясынан кабарлашкандай, мелдешке Кыргызстандын жана Казакстандын 300гө чукул спортчулары катышууда. ITF версиясы боюнча уюштурулган таэквон-до мелдешинин жеңүүчүлөрү бүгүн кечинде белгилүү болмокчу. (KMa/KKs)