Кыргыздардын ала кийиз жана шырдак жасоо өнөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Мындай маалыматты Көл өнөрчүлүктү колдоо боюнча Борбор Азиялык бирикмеден билдиришти. Мындай чечим 3-декабрдан 7-декабрга чейин Парижде өткөн ЮНЕСКОнун мамлекеттер аралык комитетинин жетинчи сессиясында кабыл алынды. Буга чейин Ош шаарындагы Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. (KKs)