11-декабрга карата аба ырайы

Шашылыш билдирүү
12-15-декабрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы өзгөрөт. Айрым жерлерде жаан-чачын көп болот. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Дыйканчылык аймактарда абанын температурасы түнкүсүн 10-15 градуска чейин төмөндөйт.

Аба ырайы7
11-декабрда түнкүсүн кар жаабайт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, түндүк тарабында -5...-10, күндүз 3...8,
Талас облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,
Баткенде түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 6...11,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, чыгыш тарабында -5...-10, күндүз 1...6,
Нарында түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22...-27, күндүз -6...-11,
Тоолордо түнкүсүн -20...-25, ал эми күндүз -8...-13 болот.

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 0...2, күндүз 5...7 градус болот.