Казакстан-Орусия: Байкоңур боюнча жаңы келишим болот

Казакстан менен Орусия Байкоңур космодрому боюнча жаңы келишим түзүшөт. Эки өлкө Казакстандын аймагында жайгашкан космодромдун азыркы ижарасынын мөөнөтү боюнча сүйлөшүп жатышат. Казакстандын Улуттук космос агенттигинин жетекчиси Талгат Мусабаев казак парламентине бүгүн билдиргендей, Москва менен Астана учурдагы ижара келишимин бир нече баскычта токтотуп, мындан аркы кызматташтыкты талкуулап жатышат. Орусия Казакстанга СССРдин тушунда курулган Байкоңур платформасы үчүн жыл сайын 115 миллион доллар төлөйт. Бул макулдашуу 2050-жылы аяктайт. Космонавттарды бүгүн бир гана ушул жерден орбитада турган эл аралык бекетке учурушат. АКШ, Орусия, Канаданын үч кишиден турган экипажы космос бекетине келерки аптада учканы жатат.