Аба кескин муздайт

Эртеңден баштап Кыргызстандын аймагында аба кескин муздайт, жаан-чачын көбөйөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга байланыштуу шашылыш эскертүү таратты. Анда айрым жерлерде жаан-чачын көп болоору, зымдарга жана бактарга суу кар жармашып, жолдор тоңголок, тайгак болоору айтылат. Тоолуу унаа жолдордо кар күрткүлөр пайда болушу мүмкүн. 12-15-декабрда түнкүсүн абанын температурасы 10-15 градуска чейин суук болот.

Аба ырайынын мындай өзгөрүшү энергетика, унаа жана байланыш түйүндөрүнүн ишин кыйындатат. Ошондой эле алыскы жайыттарда мал багуу да оорлойт. (RK)