Отунбаева БУУ өкүлү менен кыргыз мигранттарынын маселесин талкуулады

Экс-президент Роза Отунбаева АКШда иш сапарда болуп, кыргызстандык эмгек мигранттардын маселесин талкуулады. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын администратору Хелен Кларк менен жолукту. Кыргызстандын калкынын 20 пайызы мигрант экени айтылды. Отунбаева БУУну өз өлкөсүнөн чыгып, башка жакта жашап жаткан мекендештеринин көйгөйлөрүн чечүүгө, алар бири-бири менен байланышта болуп туруусу үчүн бирдиктүү электрондук система иштеп чыгууга көмөктөшүүгө чакырды.

Борбор Азиядагы аймактык сооданы, чакан насыя берүүнү өнүктүрүү, бала бакчаларды көбөйтүүгө колдоо көрсөтүү тууралуу да сөз болду.

Роза Отунбаева президенттик кызматын өткөрүп бергенден кийин "Отунбаеванын демилгеси" деген фонд ачкан. (RK)