АКШда аптанын соңку күндөрү үч коомдук жайда ок атылган

Жума күнү Коннектикут штатында жыйырма жаштагы жигит мектепте ок атып, 20 жаш баланы, алты чоң кишини мерт кылган эле. Полициянын билдиргенине караганда, ушул эле күнү кечинде Невада штатынын Лас Вегас шаарында бир эркек адам аял кишини казино жайгашкан мейманкана алдында атып салгандан кийин өзүн-өзү аткан.

Ал эми ишемби күнү таңга маал Алабама штатынын Бирмингем шаарында куралчан адам оорукананын эки кызматкерин жана бир полициейди жарадар кылып, экинчи полицейдин огунан мерт болгон.

Дүйнөнүн бир катар лидерлери башталгыч мектептеги ок атуудан 26 кишинин, анын ичинде 20 жаш баланын каза табышына байланыштуу АКШга көңүл айтуу жолдошту.

Президент Барак Обама алдыда мындай трагедияларга жол бербеш үчүн “максаттуу” чара көрүүгө чакырды. (UE)