Брюсселде Тоолуу Карабак чатагы талкууланды

Тоолуу Карабак чатагын Азербайжан менен Евробиримдиктин өкүлдөрү Брюсселдеги кездешүүдө талкуулашты.  Евробиримдикте талаштуу регион боюнча Азербайжан - Армения ортосундагы токтоп турган сүйлөшүүнү кайра жандантуу ниети бар. Бирок Биримдиктин өкүлү, Кипрдин тышкы иштер министри Эрато Козаку-Маркуллис жыйырма жылдан бери талаш жөндөлбөй жатканын, Брюсселде чатакка арачылык кылып жаткан ЕККУнун Минск тобуна кошулайын деген ыкласы жок  экенин билдирди. Сүйлөшүүдөн кийинки пресс-конференцияда Азербайжан тышкы иштер министри Элмар Мамадияров расмий Баку Тоолуу Карабактан Армениянын аскерлерин чыгарып кетүүсү үчүн бар аракетин жасаарын эскертти.