Бишкекте Кытай маданият борбору ачылат

Бүгүн Бишкектеги Кыргыз улуттук китепканасында Кытай билим берүү жана маданият борбору ачылат. Бул тууралуу аталган китепканадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, борбор эки тараптуу маданий-гуманитардык жана маалыматтык кызматташууну өнүктүрүү үчүн иш алып барат.