Өрт чыккан Орус драма театрынан 7 адам куткарылды

Ушул тушта Бишкекте өрттөнүп жаткан Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында куткаруучулар 7 адамды алып чыкты. Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы кабарлады.

Учурда театр имаратынын экинчи кабаты күйүп жатат. 5 өрт өчүргүч машине иштеп жатат, бирок азырынча өрт өчүрүлө элек. 

Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз. (BkA)