Атамбаев Москвада ЖККУнун жыйынына катышып жатат

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйынына катышып жатат. Расмий маалыматка ылайык, күн тартибинде жалпысынан 20 маселе турат Анын ичинде, коомдук коопсуздукту камсыздоо чараларын жакшыртуу, чукул кырдаалда биргелешип аракеттенүү, Ооганстандагы кырдаал, Өзбекстандын бул уюмдан чыгуу тууралуу кайрылуусу өңдүү маселелер каралмакчы.

Бул жыйында Кыргызстан ЖККунун төрагалыгын Казакстандан өткөрүп алат. Атамбаев эмдиги жылы көңул бурчу негизги маселелерди белгилейт. (EBM)