Ысык-Көл: мыйзамсыз балык уулагандарга каршы рейд өттү

Бул тууралуу облустук ички иштери башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, милицияда буга байланыштуу 4 ыкчам топ түзүлдү. Он күндүн ичинде мыйзамсыз балык уулоо боюнча 10 факт катталды. Узундугу 2000 метрге жеткен 19 тор алынды. Андан сырткары Жети-Өгүз районуна караштуу “Көк-Мойнок” бекетинде мыйзамсыз мергенчилик кылган эки факты катталган. Бирөөнө байланыштуу кылмыш иши козголду.

Быйыл жыл башынан бери мыйзамсыз балык уулоо боюнча жалпысынан 27 факт катталган, 150дөн ашык тор алынган. (MK)