Тажикстандын байланыш агенттиги 131 вебсайтты тосуп салууну көздөөдө

Агенттик мындай буйрукту жума күнү кечинде берген. Натыйжада негизинен музыка, видео коюлган сайттардан тышкары В контакте, Одноклассники өңдүү орусиялык социалдык түйүндөргө Тажикстан аймагынан мындан ары кире алышпайт.

Маалыматтарга караганда, ноябрдын этегинде 3 жумадай тосулган Фэйсбук бул ирет кара тизмеге киргизилген эмес. Айрым булактардын ырастоосунда, жаңы буйрук 24-декабрдан тарта күчкө кирет.