11айда сырттагы кыргызстандыктар 1,831 млрд. доллар которду

Бул өткөн жылкы он бир айда жиберилген акчанын суммасынан 18,4% көп. Улуттук банктын каржы статистикасы жана байкоо салуу башкармалыгынын экономисти Асел Султаналиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча жыл өткөн сайын сырттан которулган акчанын суммасы өсүүдө. 2011-жылы бул көрсөткүч 1 млрд. 695 млн. доллар болсо, 2010-жылы 1 млрд. 252 млн. доллар болгон. Сыртта жүргөн мигранттар жиберген акча мамлекетке келип түшкөн бирден-бир накталай каражат болуп эсептелет жана өткөн жылы ички дүң продукциянын 28% түзгөн.

Быйылкы мигранттардан келген акча ички дүң продукциянын дээрдик 30% ашуунун түзөрү айтылууда.(ZKo)