Эркектердин атактуу журналын чыгарган 86 жаштагы Хаф Хефнер 26 жаштагы Кристал Хюрриске Калифорнияда Жаңы жылдын так алдында үйлөндү. Хефнер менен Харрис 2011-жылы эле баш кошмок, бирок болочок колукту тойго беш күн калганда качып кеткен эле. Кечээки твитинде Харрис эми «Хаф Хефнердин аялы» болуп калгандыгын жазды. Кесиби психолог Харрис 2009-жылы декабрда Плейбой журналынын «Сулуу кызы» болгон эле.