Камактагы үч депутаттын соту 10-январда башталат

“Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровго козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы соттук териштирүү 10-январда болот. Бул тууралуу Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, үч депутаттын камактагы мөөнөтү бүгүн аяктоого тийиш эле. Бирок декабрда кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жиберилгендиктен, сот депутаттардын камактагы мөөнөтүн узартты.

Үч депутатка өткөн жылдын октябрь айында Бишкектеги Ак үй алдында болгон башаламандыктар боюнча “Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген кине тагылган. (KKs)