Өкмөттүн жаңы түзүмү 10-январдан кийин каралат

Бул тууралуу “Азаттыкка” премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов кабарлады. Буга чейин өкмөттүн оптималдаштырылган жаңы түзүмү боюнча долбоор иштелип жатканы айтылган. Анда бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелерди кыскартуу каралган. Долбоор жакын арада Жогорку Кеңешке сунушталат.

Айрым маалыматтар боюнча, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында, миграция тармагын тейлеген мекемелерде өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.(KЕ)