Бишкекте футзал боюнча “Наристе-2013” турнири башталды

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда футзал боюнча эл аралык “Наристе-2013” турнири башталды. Мелдешке 45 команда катышууда. Ага Казакстандан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген командалар катышууда.

1998-жылдан бери өтүп келе жаткан “Наристе” турнири быйыл “жаңы жылдык” деген атын өзгөртүп, “эл аралык” деген макамды алды. Мелдеш мамлекеттик кызматкерлер, 35 жана 45 жаштан өйдөкү ветерандар арасында өтүүдө. (KЕ)