Президент Обама АКШнын жаңы коргоо министрин атамакчы

Маалыматтарга караганда, бул кызматка республикачылардын мурдагы сенатору Чак Хэйгел дайындалат деп күтүлүүдө. Пентагондун экс-башчысы Леон Панетта Обаманын экинчи президенттик мөөнөтү башталгандан кийин отставкага кетээрин буга чейин жарыялаган. Вьетнам согушунун ардагери, 66 жаштагы Хэйгел Израилге сын көз карашы менен белгилүү жана Иран менен диалог жүргүзүү аракеттерин колдогондордун бири. Республикалык партиянын айрым конгрессмендери президенттин тандоосуна канааттанбаганын ачык эле билдиршүүдө. Бул болсо Сенаттагы талкуулар курч болот дегенди туюндурат. Министрликке талапкерлер Конгресстин жогорку палатасы тарабынан жактырылууга тийиш.