Былтыр табигый кырсык көп катталды

Чукул кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн маалымат жыйында былтыр 450гө жакын өзгөчө кырдаал катталганын билдирди. Мурдагы жылы бул көрсөткүч 229 болчу. Былтыркы чыгым  1 миллиардга жакын сомду түздү. Селдин айынан 3 миңден ашуун үйдү короосу менен суу каптады.

Чукул кырдаалдар министрлиги жакында эле тиешелүү министрлик-мекемелердин жана жергиликтүү бийликтин кар көчкүгө даярдыгын текшерген болчу. (EBM)