Чек арадагы кырдаалды парламент жабык талкуулоодо

Ушу тапта Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасында 6-январда чыккан чатактын себеби жана кесепеттерин, жалпы эле чек арадагы кооптуу делген аймактар боюнча кырдаалды талкуулап жатат. Жыйын жабык өтүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, ага премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев катышып жатат.

Бул маселени депутаттар кечээ да жабык талкуулаган болчу. Бүгүнкү жыйынга өкмөт башчынын сөзсүз катышуусун талап кылышкан. (ZB/RK)